Бишкекте таза суу жана канализация акысын көтөрүү сунушталууда

  • 1 год мурун

Бишкек шаардык кеңеши таза суу жана канализацияга тарифтерди көтөрүү каралган токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде «Бишкексууканал» ишканасы финансылык оор абалда калгандыктан,  суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөргө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди көтөрүү сунушталып жатканы айтылат.

Токтомго ылайык, ушул жылдын 1-февралынан тартып таза суу үчүн калктан 1 куб метрине 10 сом 45 тыйын, бюджеттик уюмдардан 1 куб метрине 12 сом 95 тыйын, башка керектөөчүлөрдөн 18 сом 50 тыйын алуу сунушталган. Ал эми канализация үчүн калк 1 куб метрине 3 сом 45 тыйын, бюджеттик уюмдар 4 сом 50 тыйын, башка керектөөчүлөр 9 сом төлөйт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты