Бейөкмөт уюмдар президентке кайрылып, “Чет элдик өкүл” мыйзам долбооруна вето коюуга чакырды  

  • 1 месяц мурун

Бир катар бейөкмөт уюмдар Жогорку Кеңеш тарабынан 14-мартта кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же «Чет элдик өкүл» деп таанылган талаштуу мыйзам долбооруна вето коюуга чакырды.

«Бир дүйнө — Кыргызстан» коомдук уюму тараткан кайрылууда бул мыйзам долбоору сөз эркиндиги жана жарандардын өз оюн ачык билдирүүсүн камсыздоочу эл аралык талаптарга жол бербей турганы айтылган.

«Бул мыйзам долбоорун кабыл алган Жогорку Кеңештин депутаттарынын аракети алардын саясий коррупция деңгээлин жана Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укугун, эркиндигин бузганы үчүн жоопкерчиликтин жоктугун көрсөтүп турат. Урматтуу президент, биз сизди Конституциянын кепилдиги катары өзүңүздүн конституциялык укугуңуздан пайдаланып, «Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбооруна вето коюуга чакырабыз. Бул чечим жарандардын эркиндигин жана укугун коргоодо жана өлкөдө адилеттүүлүктү орнотууга шарт түзөт»  деп жазылган маалыматта.


Кайрылууга «Бир дүйнө — Кыргызстан» коомдук уюму баштаган «Тилектештик тармагына» кирген он чакты бейөкмөт уюм кол койгон.

14-мартта «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» же «Чет элдик өкүл» деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышкан 66 депутат мыйзам долбооруна «макул», беш депутат «каршы» добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-мартта онлайн брифингде «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам жарандык коомдун ишмердигине коркунуч жаратпайт деп билдирди. Байсалов мыйзам долбооруна карата айтылып жаткан сындар менен кооптонууларды четке какты.

Мыйзамга ылайык, «Чет элдик өкүл» деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репрессивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле «бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына» түртөрүн эскерткен. 180 уюм аталган мыйзам долбоорун колдобоого чакырган.

Парламентте «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу 

Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Канада Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШнын элчиликтери биргелешкен билдирүү жарыялап, тынчсыздануусун билдирди.

Сүрөттө: 14-мартта мыйзам долбоорун кабыл алуу учуру. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты