Батыш Казакстанда фермерлер кургакчылыктан улам өзгөчө кырдаал киргизүүнү сурашууда

  • 2 месяца мурун

Батыш Казакстан облусунун беш районунда кургакчылык көйгөйүн көтөргөн фермерлерге митинг өткөрүүгө уруксат берилген жок.

Дыйкандар 19-июлда тынч жыйын өткөрүүнү пландап, тоюттун жетишсиздигинен улам өзгөчө кырдаал жарыялоону талап кылуу ниетин билдиришкен.

Аймактагы фермерлер жакынкы аралыкта тынч жыйын өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликке экинчи ирет өтүнмө жөнөтүүгө даярданышууда.

Малчылар 2021-жылы Маңгыстау облусун каптаган кургакчылыкка Батыш Казакстан да дуушар болушу мүмкүн деп кооптонушат. Анда аймакта миңдеген мал кырылган. Жаан-чачындын аздыгынан чөп күйүп, тоют тартыш болгон. Малчылар койлорун, жылкыларын, уйларын сууга чыланган картон коробкалар менен багууга аргасыз болгонун айтышкан.

Америкалык Washington Post гезити 2021-жылдын августунда “Казакстан болуп көрбөгөндөй кургакчылыкты башынан өткөрүп, талаа жылкы көрүстөнүнө айланды” деп жазган.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты