“Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн басып алды”. Tuz.kg сайтынын манипуляциясы жана калпы. Биринчи бөлүк 

20-январда Tuz.kg сайтында “Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн кантип басып алды? Эми эмне кылуу керек?” деген материал жарыяланган. Анда “АКШнын  Кыргызстандагы элчилиги жана “Интерньюс Кыргызстан” уюму өлкөдөгү бир канча медиага финансылык колдоо көрсөтүү менен дестабилизация кылууга аракет кылып жатат”, — деп жазылган. 

“ПолитКлиника” медиасы Tuz.kg сайтындагы маалыматты анализдеп, манипулятивдүү жана так эмес маалыматтарды аныктап чыкты. 

“Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк жана Лугансктагы элди геноцид кылган” 

Материалдын эң башында орус-украин согушу жана ага болгон башка өлкөлөрдүн мамилеси тууралуу сөз болуп, Орусиянын басып кирүүсүнө Украинанын Донецк жана Луганск облусундагы адамдарды геноцид кылганы себеп болгону айтылат.

“Биз Хорватиянын президенти Зоран Милановичтин “Батыш Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин колу менен Украинанын аймагында Орусияга каршы прокси согушун жүргүзүп жатат” дегени менен толук макул боло алабыз. Ага чейин Зеленский азыркы Орусиянын Донецк жана Луганск элдик республикаларынын тургундарын геноцид кылып, кийин карапайым украин калкын курмандыкка чалганын да билебиз” , — деп жазылган. 

Буга чейин Хорватиянын президенти Зоран Миланович Америка Кошмо Штаттары менен Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Украина аркылуу Орусияга каршы “прокси согуш” жүргүзүп жатканын айтканы чындык

“Прокси согуш” (proxy war) — бул  үчүнчү тарап аркылуу эки державанын ортосундагы согушту билдирген аскердик термин. Саясатта бул термин “башка бирөөнүн колу менен жасалган согуш” деп да аталат.

Кабардын кириш бөлүмүндө автор Хорватиянын президентине шилтеме берүү менен Орусиянын Украинадагы согуш тууралуу эң көп колдонгон манипуляциясын кошуп кеткен. Ал Украинадагы “геноцидге” байланыштуу.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага карата
“атайын аскердик операцияларды” баштаганын жарыялаган. 

Ал “операциянын” максаты “сегиз жылдан бери геноцидге кабылган адамдарды коргоо” экенин айткан.

“Аскердик операциянын максаты — сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге жана басмырлоого туш болгон жарандарды коргоо. Бул үчүн биз Украинаны демилитаризациялоо,  денацификациялоого, ошондой эле карапайым элге, анын ичинде Орусиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартабыз”, – деп билдирген Владимир Путин.

Өзүнүн кайрылуусунда Владимир Путин “геноцид” деген сөздү эки жолу колдонгон. Буга чейин да 2015-2021-жылдары Украинанын Донбасс жана Лугансктагы аракеттерин “геноцид” деп баалаган. 

Чынында, бул өтө чоң айыптоо. Анткени бир мамлекет өлкө ичиндеги азчылыкты геноцидге учуратса, ал өлкө дүйнө коомчулугунда адам укугун сыйлабаган мамлекет катары бааланат. 

Геноцидге Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германиянын “этникалык тазалоо” деген ат менен белгилүү саясаты мисал боло алат. Анда фашисттик жетекчилик еврей жана цыган улутунун, ошондой эле башка миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болгон. Бул айтылгандар документтик тастыктоолор менен бекитилип, согуштан кийин Германия дүйнө коомчулугуна чоң өлчөмдөгү кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болгон. 

Ал эми Украинанын Донецк жана Лугансктагы элди геноцидге учуратпаганы жана Орусиянын “атайын операция” деп басып кирүү үчүн айтылган сөзү жалган экени дароо белгилүү болгон. Анткени 2014-жылы Украинадагы орус тилдүүлөр басымдуулук кылган Донецк жана Луганск аймактары өздөрүн “Республика” деп жарыялагандан кийин Украинада абал курчуганда кырдаал дүйнө коомчулугунун, анын ичинде изилдөө институттарынын да көңүлүн бурган. Журналисттерден жана социалдык тармактарда аккаунттары бар жөнөкөй жарандардан тышкары, Донецк жана Луганск облустарында ЕККУнун атайын байкоочу миссиясынын 40тан ашык өлкөдөн, анын ичинде Орусиядан келген 600дөй байкоочусу көзөмөл жүргүзгөн

Сегиз жылдан бери байкоочулар жана ЕККУнун өкүлдөрү Донбасста карапайым калктын системалуу түрдө өлтүрүлүшү боюнча эч кандай далил таба алышкан эмес. 

БУУнун Украинадагы адам укуктарын көзөмөлдөө миссиясынын маалыматы боюнча, Украинанын чыгышында дээрлик сегиз жылдан бери уланып жаткан кагылышууларда 3393 жай тургун набыт болгон. 

Ошол эле учурда орустар менен украиндердин саны болжол менен бирдей болуп чыккан. Бул Путиндин орус калкын жок кылуу жөнүндөгү билдирүүлөрүнө карама-каршы келет. 

Жыйынтык: Tuz.kg сайты Украинаны геноцидге айыптоо менен жалган маалымат тараткан.  

2. “АКШнын Кыргызстанды дестабилизация кылуу боюнча дагы бир сүйлөшүүсү…” 

Материалдын үчүнчү бөлүгүндө АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нолан Жонсон менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн медиа ассистенти  Туратбек Макенбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу айтылган.

Сүйлөшүүнүн аудиосу 11-январда “Вечерний Бишкек” гезитине жарыяланган. Анда Нолан Джонсон менен Туратбек Макенбаевдин аудиосу деген үн жарыяланып, “АКШ Болот Темировду кайрадан өз максаттарына колдонууну пландап жатат” деген баш тема менен жарык көргөн.

Аудионун орусча стенограммасында АКШ бийлиги журналист Болот Темировдун ишине кызыктар экенин жана ага жардам берүүнү көздөп жатканы айтылган. 

Бирок Tuz.kg сайтында белгиленгендей, “Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн басып алды” деген теорияны далилдей турган “криминалдык” сөздөрдү аудиодо кезиктирүү мүмкүн эмес. Демек, сайт бул жерде сүйлөшүүнү бурмалап берген. 

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги буга чейин журналист Болот Темировдун камалышы жана куугунтукталышы демократиянын принциптерине сыйбай турганын билдирген. 

“Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн басып алды”. Tuz.kg сайтынын манипуляциясы жана калпы. Биринчи бөлүк 

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Темиров баңгизатын сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айыптар боюнча акталып, бирок “документтерди жасалмалоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бир катар эл аралык уюмдар жана “Адилет” укуктук клиникасы Болот Темиров өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганын жана бул сөз эркиндигине каршы кадам экенин айтышкан.

Жыйынтык: АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нолан Жонсон менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн медиа ассистенти  Туратбек Макенбаевге тиешелүү делген аудиодо “Борбор Азияны басып алуу” тууралуу ачык коркутуу же сүйлөшүү болгон эмес. Автор “сырдуу аудио тарады” деген сөз менен маалыматты бурмалап жана кооздоп берүүгө аракет кылган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты