Баткенде жарылуучу заттан жабыркагандар Ошко жеткирилет

  • 2 года мурун

5-январда Баткендин Лейлек районунун Арка айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган аял жана анын жашы жете элек кызы санавиация аркылуу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына андан ары дарылоо үчүн которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жабыркагандар алгач Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилип, аларга тез арада медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин Саламаттык сактоо министри тарабынан Ош облустук ооруканасына которуу тапшырмасы берилген.

«Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда. Министрдин жетекчилиги астында адистердин кеңешмеси өтүп, ага Ош, Баткен жана Лейлек аймактык ооруканаларынын дарыгерлери катышты. Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 5-январда саат 16:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында жеке турак үйдө белгисиз жардыргыч зат жарылып, 2 тургун ооруканага түшкөн. Анда ошол эле үйдүн дагы бир жашоочусу А.К. көрсөтмө берип, белгисиз жардырылуучу зат 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин айткан.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты