Баткенде жаңжал чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, аталган аймактарда жашаган кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылып жатат.

Буга чейин ок атышуу болуп жаткан аймакка жакын жайгашкан айылдардын тургундары өз алдынча үйлөрүн таштап кетип жатканы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын» кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты