Баткен облусунда жер титиреди

  • 3 недели мурун

Илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 24-августка караган түнү саат 02:32де Баткен облусунда жер титиреди.

Жер тититрөө Алай кырка тоолорунда, Кан айылынан түштүк-чыгышынан 25 чакырым, Сары-Талаа айылынын түштүк-чыгышынан 26 чакырым, Жоо-Пая айылынын түштүк-чыгышынан 30 чакырым, Карамык айылынын түндүк-батышынан 46, Баткен шаарынын түштүк-чыгышынан 60 чакырым аралыкта болгон.    

Жер титирөөнүн күчү Кан, Сары-Талаа, Жоо-Пая айылдарында 4 баллга жакын, Кыштут, Табылгы, Кайыңды, Жаңырык айылдарында 3,5 балл, Карамык, Тейит айылдарында 3 баллга жетти.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты