Баткен ОИИБ башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө анын жээни шектелүүдө

  • 2 года мурун

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө мурда бир нече жолу соттолгон анын жээни Н.С. шектүү катары кармалды.

Бул тууралуу Баткен облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, 27-мартта саат 11:17 чамасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмчөсүнүн «102» номуруна облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө көкүрөгүнөн жарат алган, 1974-жылы туулган Аскарали Мухамадиевдин каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.

Ыкчам тергөө кызматы менен бирге облустук ИИБ башчысы Мурат Боронов аталган жерге барып, окуяны такташат. Аскарали Мухамадиевдин сөөгүн белгисиз кишилер “Honda Odyssey” үлгүсүндөгү автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкендигин билдиришкен.

Бул факты Баткен ШИИБине кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Териштирүүнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 34 жаштагы тургуну, Аскарали Мухамадиевдин жээни Н. С, учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды.

Ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы Н.С. жана анын шериктери кармалды.

Экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Кечээ, 27-мартта, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин көзү өткөнүн облустук ИИБ кабарлаган.

Өздүк булактар анын киши колдуу болгонун билдирген.

Сүрөт: ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты