Башкырстанда Фаил Алсыновду колдоо акциясында кармалган 34 киши камакка алынды

  • 3 месяца мурун

Башкырстанда соттолгон экоактивист Фаил Алсыновду колдоо акциясына катышуу айыбы менен кеминде 34 киши камакка алынды. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын баары тең «Жапырт башаламандыктарга катышуу» беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары кармалгандардын төртөөнө «Жапырт башаламандыктарды уюштуруу» жана 13үнө «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» беренеси менен айыптар тагылган.

«ОВД-Инфо» кармалгандарга карата тагылган айыптоонун маңызы тууралуу маалымат дээрлик жок экенин белгилөөдө. Айыпталуучулардын биринин укуктарын коргоп жаткан адвокаттын айтымында, алардын көбү «полиция кызматкерлерине кар ыргытканы» үчүн айыпталууда.

Бүгүнкү күнгө карата кармалган 15 кишинин жаш курагы жөнүндө маалыматтар белгилүү. Ага ылайык, алардын бешөө 18ден 30га, сегиз киши 31ден 50гө жана экөө 51ден 70 жашка чейинки курактагылар.

15-январдан 31-январга чейин Башкырстан сотторуна «Полиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «Макулдашылбаган иш-чараларды уюштуруу» жана «Инфраструктурынын ишине тоскоолдук жараткан макулдашылбаган иш-чараларга катышуу» беренелери боюнча 163 иш келип түшкөн. Алардын 158и каралып, 67 учур боюнча чечимдер чыкканы, көбү административдик камакка алынганы белгилүү.

17-январда Башкырстандын Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов «жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан» деген айып менен төрт жылга соттолгон. Ошол күнү бир нече миңдеген киши сот имаратынын алдына чогулуп, активистти бошотууну талап кылышкан. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылып күч колдонгондо ортодо башаламандык тутанган.

Сотто Алсынов ага тагылган айып негизсиз экенин айткан. Активистке каршы кылмыш ишинин козголушуна анын 2023-жылдын апрель айындагы сөзү себеп болгон. Адвокаттын айтымында, активистти «кара халык» деп айтканы үчүн айыпташты. Бирок, жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз кара эмес, жөнөкөй деген мааниде айтылган.

Алсынов мурда «Башкорт» деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусия бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Активист 2018-жылы Башкырстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон. Бийлик тоону «Башкыр сода» компаниясына өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок активисттердин аракети менен ага жаратылыш эстелиги деген макам ыйгарылган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты