Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды

  • 6 месяцев мурун

Окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелген Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Осмонбаев ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Бектур Осмонбаевге издөө жарыялаганы кабарланган.

26-январда Балыкчыда шаардык милициясынын кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Андан 12 жаштагы кыз жабыркап, ооруканага түшкөн.

Бул факты боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу — этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу — этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен кызматкер иниси экөө ээлеген кызматтарынан бошотулганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты