УКМК Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелген милиция кызматкерине издөө жарыялады

  • 6 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелген Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев издөөгө алынганын кабарлады.

26-январда Балыкчыда шаардык милициясынын кызматтык унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Андан 12 жаштагы кыз жабыркап, ооруканага түшкөн.

Бул факты боюнча Балыкчы шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коркунучта калтыруу — этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле аталган факты боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу — этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун”) менен кылмыш иши козголгон.

27-январда ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү иликтөөнү камсыз кылуу максатында ишти тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлгөн. УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев издөө жарыялады.

Атайын кызмат Бектур Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кабарлоону өтүнөт.

Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты