Байтик айылында голубика мөмөсүнө сыноо жүрүүдө

  • 1 месяц мурун

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти Байтик айылында голубика мөмөсүнө сорттук сыноо жүргүзүүдө.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги сайтында кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, голубика биздин аба ырайына жана климаттык шарттарда өзүн жакшы көрсөттү. Аны өстүрүү үчүн зарыл болгон бир шарт бар, ал – топурактын жогорку кычкылдуулугу. Бул үчүн атайын чым топурак Белоруссиядан алынып келинет.

Голубика (көккат) мөмөсү — органикалык кислота, витамин жана минералдык туздардын чыныгы кенчи. Ал эми анын мөмөсүнүн баасы салттуу түрдө жогору. Голубика 3-4 жылдан кийин түшүм бере баштайт, бул учурда 1 гектар жерден 2 тоннага чейин мөмө алууга болот.

Ошол эле учурда, өсүмдүктү өстүрүү жөнөкөй болуп саналат: суукка чыдамдуу, эрте жазда катуу суукка туруштук бере алат. Грибок жана башка патогендерге туруктуу.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты