Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча пикирин билдирди

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин мурдагы директору, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча Фейсбуктагы баракчасында комментарий берди.

Ал президент тарабынан манасчыларга, төкмө акындарга, дастанчыларга өзгөчө көңүл бөлүнө баштаганда Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши көңүл иренжиткен окуя болгонун жазган.

«Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы «Манас айылы» кандай болорун көрсөтүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым» , — деп айтылат Байсаловдун билдирүүсүндө.

Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени бүгүн, 5-майда белгилүү болгон. Жубайы Ырыс Окенова бул маалыматты ырастап, эмне себептен жана кайсы өлкөгө кетишкенин айта албасын билдирген.

Социалдык тармактарда манасчынын бул аракетине бийликтин кысымы себеп болгону айтылууда.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө «Манас» айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде «Манас айылы» жаңыланып, анын маңдайына «Манас» театры салынарын айткан.

Кийин маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты