Азимбек Бекназаров кайрадан камакка алынды

  • 6 дней мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, Кемпир-Абад иши боюнча сотто сурак берип жүргөн саясатчылардын бири — Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) СИЗОсуна камакка алынганын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

Фейсбуктагы постунда Руслан Бекназаров атасынын УКМК тарабынан кечээ суракка чакырылганын жана Камчыбек Ташиевдин жакын адамы телефон чалып, текст берип, “Кемпир-Абад боюнча материалды көрдүк, биз адашып калыптырбыз, Кемпир-Абад боюнча Кыргыз мамлекети уткан экен, экинчиден Камчыбек Ташиев өзбек баатыры деп ачууга алдырып айтып алыптырмын, көрсө ал азыркынын нак баатыры экен” деген сыяктуу текст берип, чыгарып коюусун өтүнгөн экен.

Атам Азимбек Бекназаров “Кемпир-Абад боюнча эч кандай материалды көрбөсөк, жазсам туура эмес болуп калат. Ансыз да СИЗОдо жатканда ынтымакка чакырып келгем, саясий сүйлөшүү жолу менен чечели деп. Макул, азыр да аксакал катары жаңы ачылган Ынтымак ордо ынтымактын ордосу болсун деп, кечээ президентке, Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылуу жолдогон, аксакалдык кеңешин айткан. Бирок “Кемпир-Абад боюнча минтип жаз, Камчыбек Кыдыршаевич боюнча тигинтип жаз” дегениң туура эмес болуп калат, ал эми тарыхтын иши болсун деген. Ушинтип эле жазсаң, иштин баары бүтөт эле дегенинен, ынтымакка чакырып пост да чыгарган” деди Руслан Бекназаров.

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан иштин чоо-жайын билбей турганын, бирок иш атасынын Убактылуу өкмөттө иштеп тургандагы мезгилине байланыштуу болушу мүмкүн экенин, муну адвокат тактагандан кийин дагы кошумча билдирише турганын айтты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Азимбек Бекназаров кармалды» деген уулунун маалыматы боюнча комментарий бере элек.

30-августта Бишкек шаардык сотунда кемпир-абадчылардын иши боюнча сот отуруму 13-сентябрга жылдырылды.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы, активисттерди актаган.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

12-июлда прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотко кайрадан жаңы апелляциялык сунуш берген. Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышова Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан акталган саясатчы, активисттердин актоо чечимдерин жокко чыгарып, коюлган айыптары боюнча бардыгын күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

       

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты