«Азаттыктын» иши: Жейми Флай соттун чечимин «чектен чыккан» деп атады

  • 1 год мурун
«Азаттыктын» иши: Жейми Флай соттун чечимин «чектен чыккан» деп атады

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу тууралуу «чектен чыккан» чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

«Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат», — деди Флай.

Кечээ, 27-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья Чолпон Каримбаева «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.
Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин «Азаттыктын» ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты