“Азаттыктын” банк эсебин бөгөттөө боюнча УКМКнын аракетине каршы арызын кароо 2-февралга жылды

  • 2 года мурун

“Азаттыктын” банк эсебин бөгөттөө боюнча УКМКнын аракетине каршы арызын кароо 2-февралга жылды.

Бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык сотунда “Азаттыктын» УКМКнын аракетине байланыштуу райондук сот чыгарган чечим боюнча апелляциялык арызын кароо башталды.

«Азаттыктын» жактоочулары материалдарды тергеген Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапеков соттук отурумга катышып, түшүндүрмө берүүсү боюнча өтүнүч келтирди. Өтүнүчтү соттук коллегия канаттандырып, тергөөчүнү соттук отурумга алып келүү милдетин прокуратурага жүктөдү.

2022-жылдын октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Буга “Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун билдиришкен. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты