“Азаттык” YouTube каналы хакердик чабуулга кабылганын жазды

  • 1 год мурун

13-июлдун кечинде “Азаттык” радиосунун YouTube каналы хакердик чабуулга кабылды. Бул маалымат үналгынын сайтына жарыяланды.

Хакердик чабуул болгонун Google корпорациясынын YouTube командасы ырастаган. Ушул тапта каналдын ишин толук калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Азырынча каналга ким, кандай максатта чабуул койгону такталууда.

Белгилей кетсек, “Азаттык Медиа” мекемесинин azattyk.org жана rus.azattyk.org сайттарына Маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен былтыр октябрда коюлган бөгөт алынды. Бүгүндөн баштап мекеменин сайттары иштей баштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты