“Азаттык” иши. Сот 7-мартка чейин тыныгуу жарыялады   

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарынын административдик сотунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” веб-сайтын бөгөттөө чечимине каршы «Азаттык Медиасынын» доо арызы каралды.  

Сотто «Азаттык Медиа» жана «Настоящее время» эки башка ЖМК болгондуктан, сот юстиция министрлигине «Настоящее время» басылмасынын статусун аныктоо үчүн кат жиберүү чечимин кабыл алды. Сот 7-мартка чейин тыныгуу жарыялады.

Былтыр 26-октябрда, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.
“Азаттык Медиа” «Настоящее времядагы» доо келтирилген материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгилеген. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Сүрөттө: Сот процесси учурунда. «ПолитКлиника»медиасы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты