Автобустагы чыр-чатак: Орусияда мигрантты өлтүрө сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

3-апрелде Жумакан Орозакунова аттуу Фейсбук колдонуучусу Орусияда мигрант өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараткан. Ал бир мүнөттөн ашык видеону бөлүшүп, анда автобустун ичинде мушташып жаткан адамдар көрсөтүлгөн. Фейсбук колдонуучусу буга Орусиянын күч түзүмдөрү күнөөлүү экендигин айткан. 

Автобустагы чыр-чатак: Орусияда мигрантты өлтүрө сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Агрессивдүү өспүрүмдөрдүн кол салуусу: Мигранттардын тиешеси жок

Автобустагы чыр-чатактын видеосу өзбек тилиндеги “suyanch.uz” аттуу Инстаграм баракчасына жарыяланган. Видео “Санкт-Петербургда Борбор Азиялык (тажик же өзбек улутунда) баланы мыкаачылык менен сабап жаткан орус балдарынын видеосу” деген аталыш менен чыгып, 25 миңден көп көрүлгөн. 

Орусиялык ЖМКларда Санкт-Петербургда сабалган Борбор Азиялык бала тууралуу маалымат табылган жок.

Чынында, бул окуя Орусиянын Волгоград шаарында болуп өткөн. Окуя тууралуу маалымат бүгүн 4-апрелде volgagrad.news.net сайтына жарыяланды. Анда агрессивдүү өспүрүмдөр жүргүнчүнү сын-пикир айтканы үчүн сабап салганы белгиленет.

Автобустагы чыр-чатак: Орусияда мигрантты өлтүрө сабады деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

“Мурунку түнү автобуста жаштар катуу сүйлөп, сөгүнүп жатышкан экен. Ага жүргүнчүлөрдүн бири сын айтып, реакция кылган. Ага жооп кылып өспүрүмдөр кол салып, жүргүнчү жыгылганча сабашкан. Аялдамада алар жабырлануучуну көчөгө сүйрөп чыгышып, ошол жерден да сабай беришкен.

Окуяга күбө болгондор тез жардам жана полиция кызматкерлерин чакырышып, бирок алар жеткенче өспүрүмдөр качып кетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Сабалган адамдын абалы белгисиз”, — деп айтылат маалыматта. 

volgagrad.news.net сайтынын маалыматына ылайык, Волгограддын соту 1-апрелде автобуста кишини мыкаачылык менен сабаган беш өспүрүмдү убактылуу кармоочу жайга киргизген. Мындан сырткары, өспүрүмдөрдүн үчөө ошол эле күнү Волгограддын дагы бир тургунуна кол салып, паспортун уурдаган деп шектелүүдө.

Теракттан кийин мигранттарга түшкөн түйшүк

22-мартта  Москванын чет жакасындагы Красногорск шаарында жайгашкан “Крокус Сити Холл” деп аталган соода борбордогу терактта 140тан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Окуяга айыпталып Тажикстандын жарандары кармалгандыктан, Орусиядагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн мигранттарына карата тынчсыздануусу күчөдү. 

Тажикстандагы «Озоди» радиосу Москвадагы соңку окуядан кийин тажикстандык мигранттарга ксенофобиялык мамиле күчөп, көбү көчөгө чыгуудан коркуп турганын жазган. Анда арыздангандар мигранттар иштеген кафе өрттөнгөн, жарандар сабалган, камалган окуялар болуп жатканын, тажик улутундагы такси айдоочулардын кызматын пайдалануудан баш тарткандар болуп жатканын айтып беришкен.

Ал эми Кыргызстандын жараны «Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалып, ага «Терроризмди ачык актоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, кармалган жаранга укуктук жардам көрсөтүлө турганын билдирген. ТИМ кыргызстандыктарды зарылчылык жок болсо Орусияга баруудан карманып турууга чакырган.

Азыркы учурда Орусияда миграциялык саясатты катаалдатуу, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү менен визалык режимди кайра киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Жыйынтык: Орусиядагы автобустардын биринде мигранттын сабоодон каза болгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бирок мигранттарга карата башка кысымдар болуп жатканы айтылууда. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты