Авиациялык кызмат: “Тик учактын ижарасына 157 миң сом төлөнгөн, бирок дүмүрчөктү көрсөтө албайбыз”

24-июндун кечинде президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураган жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган видеолорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Коомчулукта жаштардын бул аракети кызуу талкууга алынып, ашыкча чыгым экенин жазышууда. 

Ал эми айрымдарда “президенттин жакындары мамлекеттик тик учактын ижара акысын төлөдү бекен?” деген суроо жаралды. 

“ПолитКлиника” медиасы Жапаровдун болочок күйөө баласы ӨКМдин тик учагы үчүн канча акча төлөгөнүн тактап көрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык тик учактарды ушул эле министрликке караштуу “Авиациалык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасы ижарага берет. Бул тууралуу ишкананын Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында көрсөтүлгөн. 

Анда тик учактардын ижара акысын да табууга болот. Лазат Нургожоева жигити менен келген Н125 аталышындагы тик учак саатына 1800 долларг берилери жазылган.

Дүмүрчөктү көрсөтө алышкан жок 

Жаш жигит тик учакты канча саатка ижарага алганын, ижара акысын төгүп-төкпөгөнүн тактоо максатында “Авиациалык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Мирлан Нишанбаевге кайрылдык. 

Нишанбаев тик учак коммерциялык келишимдин негизинде 1 саатка ижарага берилгенин айтты. Анын айтымында, ижара акысы 157 миң 662 сомду түзгөн. Биз “Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого таянып, төлөм жүргүзүлгөнүн тастыктаган дүмүрчөктү сураганыбызда кардар менен түзүлгөн келишим болгондуктан дүмүрчөктү жөнөтө албай тургандыгын айтты. 

“Коммерциялык келишим 2024-жылдын 21-июнунда түзүлгөн. Кардар 1 сааттык учуу саатына төлөгөн. Мындайча айтканда, 157 миң 662 сом. Дүмүрчөктүн номери 002495. Н125 аттуу тик учак менен 24-июнь күнү учкан. Дүмүрчөктү келишимдин негизинде жөнөтө албайбыз”, — деди Нишанбаев. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык тик учактар мамлекеттик мүлк болуп эсептелет. Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бар. Ага ылайык, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө бюджетке канча каражат түшүп жатканы ачык болушу керек.

Бул материал жарыялангандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбук баракчасында Сабырбеков Афтандил аттуу жаран тарабынан төлөм жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөктү жарыялады. Бирок “Авиациалык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Мирлан Нишанбаев бизге дүмүрчөктү көрсөтүүдөн баш тарткандыгы чындык. 

Садыр Жапаров Нургожоева үчүн кечирим сурады 

Ал арада президент Садыр Жапаров карындашынын айланасындагы талкуулар боюнча суроолорго жооп берип, элден кечирим сурады. Ал жакындарына катуу талаптарды коерун, мамлекеттик иштерге кийлигиштирбей турганын айтып, болочок күйөө баласынын кылгандарын “жаштык кылып койду окшойт” деп баалаган. 

“Албетте, бир-туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коем. “Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм. Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем, эми өз башыма келип олтурат.

Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем”, — деди Жапаров. 

Лазат Нургожоева — Садыр Жапаровдун иниси Давлетбек Жапаровдун кызы. Ал буга чейин дагы социалдык тармактарда кымбат унааларын, чет элге сапарларын жарыялап, элдин назарын буруп, талкууга алынып келген. 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров буга чейин ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган.

Президент 2022-жылдын 24-февралында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты