Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат берилди

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат берилди. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Алмазбек Шаршенович кардиология борборунда медициналык текшерүүдөн өтүп жатат», — деп жазды ал.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевди улуттук кардиология борборуна жаткырылган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү өңдүү айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты