Атамбаев: «Менин болгону бир күнөөм бар, ишенчээк болчу экем»

  • 1 год мурун
Атамбаев: «Менин болгону бир күнөөм бар, ишенчээк болчу экем»

Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыгарылып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ага «Жогорку Соттун чечими боюнча бийлик менен сүйлөшүү болдубу?» деген суроо берилди.

«Бул биздин бийлик, керек болсо эртең же башка күнү дагы сүйлөшөм. Менин күнөөм жок экенин ар бир бийликке айтып жатам. Менин болгону бир күнөөм бар, ишенчээк болчу экем», — деди ал.

Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды. 

Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу социалдык тармакка Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин сүрөтү жарыяланды.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты