Атамбаев: «Мен президент экенимди эске албай ЖМКларды сотко берип ката кетириптирмин»

  • 1 год мурун
Атамбаев: «Мен президент экенимди эске албай ЖМКларды сотко берип ката кетириптирмин»

Бүгүн, 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аларга ыраазылык билдирди.

«Мен журналисттерге ыраазчылык билдирем. Бейтарап чагылдырып беришти. Дача-Су окуясы боюнча айрым ЖМКларды сотко бергем. Мен журналисттерге жана редакцияларга ызаазымын. Мен президент экенимди эске албай ЖМКларды сотко берип ката кетириптирмин. Президенттерге сотко бергенге болбойт. Биздин соттор чечимди күчтүү тараптан пайдасына чыгарып коюшат экен», — деди ал.

Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча өкүмүн жокко чыгарды. 

Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу социалдык тармакка Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин сүрөтү жарыяланды.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылы Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, “коррупцияны уюштурууга” күнөөлүү деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган. Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты