Аскер комиссариатынын кызматкери аскердик билет үчүн пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 4 дня мурун

Аскер комиссариатынын кызматкери аскердик билет үчүн пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы, капитан У. Б. альтернативдик кызматты өтөө жана аскердик билетти берүү үчүн 30 миң сом пара талап кылган. Ал Аскер прокуратурасы менен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан талап кылынган сумманын 7 миң сомун алып жаткан жеринен кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.

Башкы прокуратура учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты