Аскат Жетиген: Баш аламандыкка, бийликти басып алууга чакырык болгон эмес (Видео)

Бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөдү.

«Аталган кайрылууларымда массалык баш аламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктар жок. Ал кайрылууларды жасап жатканда менде андай ниет, мүмкүнчүлүк да жок болчу. Экинчиден, Кыргыз Республикасы — демократиялык мамлекет, демократиялык мамлекетте ар бир жаран өз позициясын, оюн элге жеткирүүгө акысы бар. Ал жаранга кылмыш-жаза колдонууга болбойт деп эсептейм» деди Аскат Жетиген.

Бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетигендин соту уланууда.

Аскат Жетигенге коюлган 327-берене ,бийликти басып алууга чакырык боюнча 4 жыл, 278-берене, массалык башаламаныктарга чакырык боюнча — 6 жыл, кыскартып жана жалпылап, 8 жыл эркинен ажыратууну суранды.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу») менен козголгон.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 25-июнь 2024-жыл.

Видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты