Асел Ногойбаевага пластикалык операцияны орусиялык дарыгерлер жасамай болду

  • 1 месяц мурун

Мурунку күйөөсү тарабынан зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага органдарын калыбына келтирүү үчүн пластикалык операцияны орус дарыгерлери жасайт. Ага биринчи айым Айгүл Жапарова каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө убада берген. Бул тууралуу Ногойбаева «24.kg» маалымат агенттигине билдирген.

«Жакында эле Ысык-Көлдө дүйнөнүн төрт бурчунан келген хирургдардын конгресси болуп өттү. Бизди ошол жакка Султан Тукешов (ред. Ногойбаевага алгач операция жасаган дарыгер) чакырды. Орусиялык дарыгерлер биринчи айым Айгүл Жапарова менен байланышып, мага жардам берүү каалоосун билдиришти. Биз консилиум өткөрдүк. Орус жана түрк хирургдары өз иштерин көрсөтүштү. Биз биринчисин тандап алдык. Алар операцияны башынан аягына чейин жасайбыз дешти»,- деп маек берген Асел Ногойбаева.

Анын айтымында, азыр операция каякта жана канча суммага жасалары белгилүү боло элек. Бирок операция сентябрда өткөрүлөрү чечилген. Ошондой эле, дарыгерлер операцияны Орусияда жасоону сунушташкан.

«Айгүл эже (ред. Айгүл Жапарова) орусиялык дарыгерлер менен сүйлөшүүлөрдү өтө олуттуу жүргүздү. Ал жардам берерин айтты. Ал учактарды жана жатакананы төлөп берүүнү убада кылды. Бирок мен азырынча көп нерсе айта албайм. Султан Тукешов дагы жеңил операцияларга жана реабилитацияга жардам берерин убада кылды»,- деп кошумчалаган Асел Ногойбаева.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 20-сентябрында Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ушул жылдын 26-январында Сокулук райондук соту Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кесип салган мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан. 

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты