Армения ЖККУ менен кызматташууну токтотту

  • 2 недели мурун

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян расмий Ереван Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтотконун билдирип, “азырынча бул чечим жетиштүү деп эсептей” турганын айтты.

Бирок Армения ЖККУдан качан толук чыгары боюнча так датаны атаган жок.

Бул тууралуу Deutsche Welle (DW) басылмасынын орус кызматы жана News.am маалымат агенттиги жазды.

Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Ага чейин Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Сүрөттө: Никол Пашинян. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты