Аргентинанын президенти Катардагы дүйнө чемпионатына барбаганы чындык. Бирок ага өлкөдөгү экономикалык кыйынчылык себеп болгон эмес (Фактчекинг)

19-декабрда “ПолитКлиника” медиасы “Султанбаев президент Катарга бекер учканын айтты. Күйүүчү майга мамлекет канча акча сарптаганын текшеребиз” деген фактчекинг жарыялаган. 

Материалда президент Садыр Жапаровдун Катарга болгон сапары үчүн күйүүчү майга кыргыз тарап болжолдуу 20 000 доллар же 1 млн 699 миң сом сарптаганы  белгиленген. 

Фактчекинг жарыялангандан кийин, Moke Nurbek аттуу Фейсбук колдонуучусу дүйнө биринчилигинин финалына курамасы чыккан Аргентинанын президенти эли кыйналып турганы үчүн Катарга барбай, финалдык беттешти үйүнөн көргөнүн айткан.

Аргентинанын президенти Катардагы дүйнө чемпионатына барбаганы чындык. Бирок ага өлкөдөгү экономикалык кыйынчылык себеп болгон эмес (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Аргентинанын президенти жана экономикасы 

Аргентина Республикасынын президенти Альберто Фернандес 2019-жылдын 10-декабрында кызматка киришкен. 2019-жылдын 27-октябрында өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Фернандес шайлоо жарышында негизги атаандашы, Аргентинанын ошол учурдагы президенти Маурисио Макрини жеңип, 48,24% добушка ээ болгон.

Ал кесиби боюнча юрист. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Аргентинанын президенти катары ал мамлекеттик ресурстарды тышкы карызды төлөөгө багыттаган орточо солчул экономикалык саясатын жүргүзөт. 

Ал эми экономикалык кубаттуулугу жана ИДПнын деңгээли боюнча Аргентина 2021-жылы Дүйнөлүк банктын рейтингинде 26-орунга чыккан.

Аргентинанын президенти Катардагы дүйнө чемпионатына барбаганы чындык. Бирок ага өлкөдөгү экономикалык кыйынчылык себеп болгон эмес (Фактчекинг)

Аргентинанын экономикасы пайдалуу кендер, калктын жогорку сабаттуулугунун аркасында өнүгүп жаткан айыл чарба продукциясын экспорттоого багытталган чоң секторго ээ. Азыркы учурда Аргентина Республикасы негизги өнүгүп келе жаткан экономикалардын бири болуп саналат.

Аргентинада минималдуу айлык акы 356 долларды (31 000 сом) түзсө, орточо айлык 1200 доллардан (101 000 сом) жогору.  Башкача айтканда, Аргентина Кыргызстан жана башка Орто Азия мамлекеттеринен экономикалык жактан кыйла алдыда. 

“Ийгиликти чочутуп алуу” ырымы жана Фернандестин чечими

17-декабрда Аргентинанын президенти Альберто Фернандес дүйнө чемпионатынын финалына барбай турганын жарыялаган. 

Ал футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын үйүндө көрө турганын ырастаган.

«Миллиондогон мекендештерим сыяктуу эле, мен өз үйүмдө Дүйнө чемпиондугунун финалынан ырахат алам. Мен бул фантастикалык учурду мурдагыдай эле элим менен бирге белгилейм. Биздин мыктылар талаада, даңктуу күйөрмандар трибунада болушат», — деп  жазган ал Twitterдеги баракчасына.

Аргентинанын президенти Катардагы дүйнө чемпионатына барбаганы чындык. Бирок ага өлкөдөгү экономикалык кыйынчылык себеп болгон эмес (Фактчекинг)

Ошондой эле, Фернандес билдирүүсүнүн эң аягында быйтыкча менен “белгилер маанилүү” деп айткан. Бир катар жергиликтүү басылмалар билдиргендей, бул Аргентинадагы “ийгиликти чочутуп алуу” деген ырым-жырымы менен байланыштуу. Анткени аргентиналыктарда футболду көрүүгө байланыштуу ар кандай ырымдар бар. Мисалы, алар футбол көрүп жатып, колдогон командасы жеңишке жетишсе кийинки оюнду да дал ошол жерде көрүү керек деп эсептешет. Белгилүү болгондой, Фернандес ага чейинки Катарда өткөн дүйнө чемпионатынын оюндарын үйүндө көргөн. 

Башкача айтканда, Аргентинанын президенти Альберто Фернандестин чемпионаттын финалына барбай калышына өлкөсүндөгү экономикалык каатчылык эмес, “ийгиликти чочутуп алуу” ырымы себеп болгон.

Белгилей кетсек, Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Аргентинанын футбол боюнча курама командасы финалдык беттеште Франциянын курамасын пенальти сериясында жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине барган. 

Катар ЖМКсындагы маалыматтарга ылайык, финалдык оюнга Жапаровдон тышкары өлкө жетекчилеринен Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган,  Малайзиянын королу Абдулла II, Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд, Руанданын президенти Поль Кагаме, Намибия президенти Хаге Гейнгоб, Того президенти Форе Гнасингбе, Кения президенти Уильям Руто, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Ирактын премьер-министри Мохаммед Шайа Аль Судани жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан күбө болгон. 

Жыйынтык: Аргентинанын президенти Альберто Фернандес Катардагы дүйнө чемпионатына барбаганы чындык. Бирок Фернандестин бул чечими Аргентинадагы экономикалык каатчылыктан улам эмес, “ийгиликти чочутуп албоо” ырымына байланыштуу болгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты