“Апрелчилер” Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин билдиришти

  • 2 месяца мурун

“Апрелчилер” Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы.

Бул тууралуу алар “АКИ- пресс” агенттигине берген басма сөз жыйынында билдиришти.

Жыйынга 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери”, “Апрель элим Кыргызстан”, “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелердин жетекчилери келди.

Ошондой эле алар мурдагы президент апрелчилерге тигүү фабрикасын куруп берет” деген сөздөргө түшүндүрмө беришти.

“Президентке “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомун түзүп ага 200 киши кирди. Курманбек Бакиев бизге фабрика куруп берет” деп туура эмес маалымат берип жатышат. Апрель окуясында жабыркагандардын ата-энелеринин көбү биздин коомдук бирикмелерде. Алардын бири да “Бакиев келсин” деп айткан эмес жана айтпайт. Биз Бакиевдин Кыргызстанга келишине, фабрика курушуна жана акталышына каршыбыз. Бул ишке аша турган нерсе эмес” деди “Апрель байрагы” бирикмесинин төрагасы Конушбек Дөөлөталиев.

Жыйынга социал-демократтар партиясынын төрагасы, Апрель элдик революциясы уюмдарынын ассоциациясынын башкы катчысы Темирлан Султанбеков да катышты.

Президент Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель окуясында каза болгондордун жакындары Курманбек Бакиевден кун төлөтүп берүүнү суранышканын «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

«Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим» деди Жапаров.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 25-июнь, 2024-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты