Апрель окуясынын катышуучулары мурдагы президенттердин келишине каршы кайрылуу жасады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана каза болгондордун жакындары нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Анда алар бийликке кайрылуу жолдоп, мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин айтышты. Мындан тышкары, алар мурдагы мамлекет башчы менен маектешкен Кадырбек Кошалиевди кызматтан алууну талап кылышууда.

15-майда УТРКнын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевден алган маеги “Акыркы кабарлар – Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында жарыяланган. 

Сүрөт: 24.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты