Алтын, күмүш куйма саткандар салыктан бошотулат. Угуу боюнча 3-топтогу майыптыгы барлардан киреше салыгы алынат

  • 2 месяца мурун

Президенти Садыр Жапаров “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Президенттин сайтында маалымдалгандай, салык кодексинде спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга киреше салыгы салынбай тургандыгы тууралуу ченем каралган.

Ошондой эле Салык кодексинин 364-беренесинде баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган ата мекендик уюм болуп саналган аффинаждык ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат;
Министрлер Кабинета тарабынан аныкталуучу субъект тарабынан сатылуучу спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

Салык кодексинин 197-беренеси угуу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлерден киреше салыгы 5 пайыз өлчөмүндө алынары тууралуу ченем менен толукталат.

Салык кодексинин 240-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага, кирешелерге 3 пайыз өлчөмүндө салык салуу каралган.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамда спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей тургандыгы тууралуу ченем каралган.

Мындан тышкары мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүү каралган, мында:
– 2,25 % – иш берүүчү төлөйт;
– 10 % – кызматкер төлөйт;

Ошону менен бирге, мыйзамга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү төмөнкү категориялар үчүн жайылтылбайт:
– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга;
– жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторун иштеткен жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен ишканаларына;
– электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана газ менен камсыз кылуу (жабдуу) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
– алкоголдук, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жана/же импорттоону жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине, буга Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аталган ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар мунайзаттарды өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер кирбейт (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
– уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу субъекттерге; 
– интернет-провайдерлерге;
– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты