Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди (Видео)

Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдын Июнь боюнча соттук иш каралмакчы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко «Тез жардам» унаасы менен жеткирилди.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди (Видео)
Сүрөттөр: «Политклиника»

«ПолитКлиника» медиасы соттон түз эфир уюштурууда.






Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты