Алмасбек Турдумаматов 24.kg’нин ээси жана жетекчиси болду

  • 4 месяца мурун

Алмасбек Турдумаматов 24.kg маалымат агенттигинин ээси жана жетекчиси болду.

Ал 2008-жылы президенттин басма сөз кызматынын башчысы болуп иштеген. Агенттиктин мурдагы жетекчиси Асель Оторбаева Турдумаматовди журналист катары көптөн бери тааный турганын, чогуу иштегенин, мамлекеттик органдар менен кызматташуу тажрыйбасы бар, эки тилдүү адис экенин айтты.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Ошол эле күнү агенттиктин директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты