Алга Кылычевдин жакындары акцияга чыгышты

  • 2 месяца мурун

Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолгон Алга Кылычевдин жакындары 2-июлда Бишкекте акция өткөрүп, бийликке кайрылуу жасашты.

“Азаттык” билдиргендей, алар Кылычевдин күнөөсү жок экенин айтып, абактан бошотууну суранышты. Жубайы Гулнур Ниязова алты баласы менен жалгыз калганын жана күйөөсүнүн саламаттыгына кабатыр болуп жатканын билдирди.

Алар Кыргызстанга келген Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришти адам укугуна байланыштуу бул окуяга көңүл бурууга чакырды.

21-июнда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды.

Алга Кылычев беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты.

«Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлери да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок. Ошондуктан, саламаттыгыма, жашы жете элек алты балам бар экенине карабай, мени камап атышат» деди Кылычев.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши 2022-жылдан бери сотто каралып келген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты