Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

12-май күнү Үмүт Октябрь кызы аттуу Фейсбук колдонуучусу “Ширшов жөнүндө жанында жүргөндөрдөн алынган маалымат” деген билдирүүнү бөлүшкөн. Анда Алексей Ширшов Кыргызстандын жарандыгын 2021-жылы күз айында алганы жана президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен Кыргызстанга келип “Ордо” коттедж шаарчасынан үй белекке алганы айтылат. 

Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

Ошондой эле 10-май күнү кармалган Ширшов президент Садыр Жапаровдун  буйругу менен үй камагына чыгарылганы да белгиленген. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

Алексей Ширшовдун кармалышы жана окуянын чоо-жайы 

Алексей Ширшов  2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин “Дастан” ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Маалым болгондой, Ширшов мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөн. 

Өлкөдө 2010-жылга чейин таасири күчтүү болуп турган Ширшов  Кыргызстандагы энергетика тармагын толук көзөмөлгө алып, коррупциялык схемаларды түзгөнү маалым болгон. “Ширшов схемасы” деген атка конгон схемада электр энергиясын “өлүү адамдарга” жаздыруу жана тендерлерди “өз кишилерине” уттуруу сыяктуу кадамдар жасалып келгени айтылат. 

“Бакиевдик режимдин” таасирдүү мүчөсү болгон Алексей Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага эл аралык издөө жарыяланып, экономикалык кылмыштар боюнча айып тагылган. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген. 

Ал эми  2022-жылы 10-майда  “Дастан” трансулуттук корпорациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалган. Бирок УКМК аны кайсы жерде кармаганын так айткан эмес. Кыргызстандагы энергетикалык тармактын “көмүскө кардиналы” атыккан Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталган. 

Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес-өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталган. 

Бирок кармалгандан көп өтпөй  Алексей Ширшов кайра үй камагына чыгарылды.  Белгилүү болгондой Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкты. Бул коомдо ар түрдүү пикир жаратып, оппозициялык маанайдагы адамдар азыркы бийлик “Бакиевдердин режимин реабилитация кылуу аракетин көрүп жатат” деген шектенүүлөрүн айтышкан. 

  1. Ширшов Бишкекке үй-бүлөсү менен учуп келген. Аны Садыр Жапаров өзү чакырган.” 

Үмүт Октябрь кызы Алексей Ширшов үй-бүлөсү менен  Кыргызстанга Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келгенин айткан. 

Ширшовдун Кыргызстанга келгени боюнча маалыматтар 2021-жылдан баштап активдүү тарай баштаган. “Temirov live”  каналынын иликтөөчү журналисттери белгилегендей 2021-жылы 13-сентябрда Латвиянын борбору Рига шаарынан Бишкекке “Gulfstream G280” жеке учагы келип конуп, кайра 17-сентябрда учуп кеткен. 

Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

Аталган учактын бир сааттык баасы 5650 доллар болуп, бир жумада 48 миң доллар коротулганын журналисттер “шектүү” деп аташкан. Мындан сырткары сырдуу коноктун “анонимдүү” келип кеткени да көп суроолорго жооп ачкан. 

Ошол учурда журналист Замир Казакбаев Фейсбук баракчасы аркылуу жеке учак менен Алексей Ширшов Кыргызстанга келгенин билдирген. 

Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

Бирок айтылгандар так далилденген эмес. Мындан сырткары Алексей Ширшовдун үй-бүлөсү менен Садыр Жапаровдун буйругу менен келгени тууралуу маалымат да жокко эсе. 

Жыйынтык: 2021-жылы сентябрь айында Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келгени тууралуу маалыматтар айтылган. Бирок аны Садыр Жапаров чакырганы тууралуу маалымат жок. 

  1. “Ширшов Кыргыз паспортун өткөн жылдын күзүндө алган”

Фейсбуктагы экинчи билдирүүдө Алексей Ширшов Кыргызстандын жарандыгын 2021-жылы күз айында алганы белгиленет. 

Бул маалыматты “tizme.gov.kg” сайтынан карап көргөнүбүздө Алексей Ширшов 2021-жылы 11-январда өткөрүлгөн президенттик шайлоо жана референдум учурунда тизмеде бар болгонун көрүүгө болот. Ал 1119-шайлоо участогунда катталган. 

Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

Ал эми 2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда Алексей Ширшовдун аты-жөнү Бишкектеги 1119-шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесинде болгон эмес. 

Башкача айтканда, Алексей Ширшов Кыргызстандын жарандыгын октябрь окуясынан кийин алган болушу мүмкүн. 

Жыйынтык: Алексей Ширшовдун Кыргызстандын жарандыгын качан алганы тууралуу так маалыматты айтуу кыйын. Бирок tizme.gov.kg сайтындагы маалыматка ылайык, октябрь окуясынан кийин Ширшовдун аты-жөнү катталган. 

  1. “Садыр Жапаров Ширшовго өткөн жолку келишинде апрелде «Ордо» коттедж шаарчасында жайгашкан үй белек кылган.”

Бишкекте жайгашкан “Ордо” коттедж шаарчасы “Таза аба, шаардын ызы-чуусунан узак, тоолорго жакын жана коопсуз шаарча” деп сүрөттөлөт. 

Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

Бул жердеги үйлөрдүн баасы орто эсеп менен 300-350 миң доллар болгону маалымдалат. 

Бирок, президент Садыр Жапаровдун да Алексей Ширшовго “Ордо” коттедж шаарчасынан белек бергенин далилдөө мүмкүн эмес. 

  1. “Бардык айыптоолор  Садыр Жапаровдун буйругу менен алынган”

Үмүт Октябрь кызы айткан төртүнчү билдирүү Алексей Ширшовдун үй камагына чыгышы менен байланыштуу болгон. Анда Ширшовго тагылып жаткан айыптар президент Садыр Жапаровдун буйругу менен алынып салынганы айтылат. 

Алексей Ширшовдун бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылган. Белгилүү болгондой,  Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыккан. Азыркы учурда, кандай негиз менен чыгарылганы тууралуу так түшүндүрмө бериле элек. 

Бул боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-май күнү Фейсбук баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип, чын эле буга чейин Алексей Ширшов менен жолукканын жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн адамдар менен кызматташууга даяр экенин билдирген. 

Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши жана Садыр Жапаров менен байланышы (Фактчекинг)

Өз сөзүндө президент Жапаров Алексей Ширшов өз айыбын мойнуна алганын айткан. 

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.  Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди.”,- деген. 

Ошол эле учурда Максим Бакиев чыгарып кеткен акчаларды айтып, мамлекет менен кызматташкандарды “камабайбыз” деп да айткан. 

“Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересин. Ушундай принцип.”,- деген. 

Башкача айтканда, президент Алексей Ширшовдун үй камагына чыгышына тиешеси бар экенин айткан эмес. Бирок “Мамлекетке жардам берсеңер камабайбыз” деген билдирүүнү айткан. 

Жыйынтык: Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыккан. Президент Садыр Жапаров ага тиешеси бар экенин моюндаган эмес. Бирок, бул боюнча билдирүүсүндө “Ким Максимдин чыгарып кеткен акчаларын айтса, камабайбыз, кызматташабыз” деген сөзүн айткан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты