Алексей Навальный Москвада жерге берилди

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 1-мартта абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Москвада жерге берилди. Маркумдун зыйнаты Марьино районундагы храмда өттү, сөөгү Борисовское көрүстөнүнө коюлду.

Коштошуу иш-чарасына Навальныйдын ата-энеси, туугандары, жакындары киргизилди. Ал эми аны менен коштошуу үчүн баргандар, храмдан көрүстөнгө чейин колуна гүл кармап, жөө басып баргандар миңдеп саналарын маркумдун санаалаштары билдиришти.

Орусиянын Ямал-Ненец автоном округунун жаза аткаруу федералдык кызматы Алексей 16-февралда №3 төзөтүү колониясындаАлексей Навальныйдын каза тапканын билдирген.   

Алексей Навальный орусиялык оппозициялык саясатчы, алдамчылык, экстремисттик уюм түзүү ж.б. айыптар менен айыпталган. 19 жыл кесилип, Ямал-Ненец округунун Харп кыштагында №3 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.  

Ал Орусиянын президенти Владимир Путинге жана анын тарапташтарына каршы массалык акцияларды уюштуруп келген. “Коррупция менен күрөшүү” аттуу фонду бир нече жолу Орусиянын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн коррупциясы тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты