Аламүдүндө электр чубалгыларын чыгарган завод ачылды

  • 3 дня мурун

5-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Бек кабель” электр чубалгыларын чыгарган заводу ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, заводдун курулушуна 6,5 млн доллар инвестиция салынган. Анын 4,7 млн долларын “Айыл Банк” бөлгөн.

Кабель заводу 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластикатты иштете ала турганы айтылат.

«Чыгарылган кабель жергиликтүү керектөөнү гана камсыздабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко чыгат”, — деп жазылат өкмөттүн маалыматында.

Заводдо учурда 70ке жакын кызматкер иштейт. Жумуш оруну дагы жогорулашы мүмкүн экени айтылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты