“Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында эки асма жол ишке киргизилди
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, бүгүнкү күндө узундугу 1727 метр болгон В-1 жана узундугу 2296 метр болгон В-2 асма жолдорунун курулушу аяктады.
Садыр Жапаров көтөргүчтү башкаруу пультундагы баскычты басып, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди.
Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзгөн ар кандай деңгээлдеги лыжа трассаларын куруу пландалууда.
Маалыматта ошондой эле жол куруу иштери тууралуу айтылды.
Муну менен бирге ири жол куруу иштери жүрүп жатат. Каракол – Жыргалаң багытындагы 65 чакырымдык автожол салынууда, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна (14,5 чакырымына) асфальт төшөлүүдө жана узундугу 8,5 чакырым болгон альтернативдүү жол курулууда.
Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилүүсү пландалган дагы төрт асма жолдун токтотмо станцияларынын пайдубалына мезгил кутусун салды.
Курорттун биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган.
Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин “Жыргалаң” курорттук шаарчасындагы лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды, ал эми “Ала-Тоо Резорттун” үч аймагындагы бардык трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жакын болот.
Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Сүрөт: president.kg




