Нооруз — жаз менен кошо келген кайра жаралуу майрамы

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бул майрамды утурлай «ПолитКлиника» медиасы Нооруздун майрамдалып калуу тарыхы жана сүмөлөктүн жасалуу жолдору жөнүндө баяндайт.

Нооруз — Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жана Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кеңири белгилене турган негизги майрамдардын бири.

“Нооруз» байыркы фарс тилиндеги «науруз» сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде «нау» – “жаңы”, «руз» – “күн” деген маанини берет. Эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Бул күнү күн менен түн теңелет. 

Совет бийлиги учурунда Кыргызстанда бул майрамды белгилөөгө тыюу салынып келген. 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан Нооруз майрамын жыл сайын белгилөөгө эгемендик алгандан кийин гана жетишкен. 

1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеште 21-март элдик Нооруз майрамы деп бекитилген.

Эл арасында эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп, үй ичин, мал-жанды жамандыктан тазаласын деген ниетте энелер алас айткан:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты Теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас.

Нооруз - жаз менен кошо келген кайра жаралуу майрамы

Нооруз көптөгөн өлкөлөрдө майрамдалат

Нооруз майрамын жыйырмадан ашуун өлкө майрамдайт. Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Азербайжан, Ооганстан, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Монголия, Пакистан, Кытай, Россия Федерациясы (Башкортостан, Дагестан, Татарстан) ж.б аймактар.

Борбор Азия мамлекеттеринде бул күн расмий дем алыш күнү деп жарыяланып, чоң салтанат менен белгиленип келет. 

БУУнун Башкы ассамблеясы 2010-жылы 21-мартты эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаган.

2009-жылы Нооруз UNESCO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

Нооруздун символу — сүмөлөк

“Сүмөлөк» Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Сүмөлөктүн жасалуусу төмөнкүдөй  этаптардан турат.

Нооруз - жаз менен кошо келген кайра жаралуу майрамы

1. Сүмөлөк жасоого даярдык бир канча күн мурда буудайды өндүрүп алуу менен башталат. Алгач данды тазалап, жууп алган соң 1-2 күндөй жылуу сууга чылап коёсуз. Буудай жибигенден кийин суусун сарыктырып, тактайга тегиз кылып тизип, күн нуру жакшы тийген бөлмөгө коюлат. Ага күн сайын суу куюп туруу зарыл. Баса, буудай өндүрүүчү бөлмөгө кишинин көп кирбегени туура. Ага бир адам суу куюп турушу шарт.

2. Буудай 5 см болуп өнүп калган кезде өткөргүчтөн өткөрүлөт. Өткөрүлүп алынган буудайды бир канча жолу таза суу менен марлинден өткөрүп сүзүп алуу керек.

3. Алгач казан какшатылат. Ага буудайдын көлөмүнөн эки эсе көп май куюлат. Умай энеге токочтун жытты барсын деген божомолдо алгач май токоч бышырылып алынат.

4. Буудайды чайкап алгандан кийин ун менен аралаштырып жуурусак ботко пайда болот. Боткону казанда кызып турган пахта майга салабыз. Боткобуз кайнап чыккандан тартып аралаштырып баштайбыз.

5. Четинде кемтиги жок, орто көлөмдөгү 41 таш казанга салынат. Таштар менен сүмөлөк күйүп жабышып калбайт, бөлтөк болбой текши бышат. Ар ким өз табитине жараша жаңгак, мейиз, өрүк, кумшекер кошсо болот.

6. Сүмөлөктү бирдей температурада 10-11 саат тынбай аралаштырып туруу керек. Бардык каалоочулар келип аралаштырып, ар бир аралаштырганда өз каалоо-тилектеринин орундалуусун тилейт.

7. Аягында үстүн 10  саатка жаап койот. Казандын бетин ачканда, сүмөлөктүн бетине Теңир бир белги таштайт деп сүмөлөктүн бетиндеги чиймелерди жакшылыктарга жоруп, тилек айтышат. Сүмөлөктү кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилегиң орундалат деп айтышат.

Сүрөт: Соцтармактан

Даярдаган: Айзат Таалайбек кызы 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты