Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. 

Октябрь райондук милициясынын маалыматы боюнча, бүгүн саат 11:00дө “Ала-Тоо” аквапаркында өспүрүм бала сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелер менен бирге окуучулар үчүн эс алуу уюштурган. Эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткен.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бишкек шаардык мэриясы бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Комиссия бул окуяны изилдеп, мектеп кызматкерлеринин канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин жана жоопкерчилигин аныктайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты