“Ал деле отуруп чыксын”. Текебаев Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергенби? Текшеребиз

“Кубат Мырзабек уулу” деген ат менен катталган Фейсбук колдонуучусу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев депутат Адахан Мадумаровдун камакка алынганына байланыштуу “билдирүүсү” жазылган сүрөттү бөлүшкөн. Анда ал Текебаевдин сүрөтүнүн алдына “Өмүрбек Текебаев: Мен кыйын деген саясатчылардын баары түрмөгө отуруп чыккан. Түрмөгө түшө элек Адахан Мадумаров эле калган болчу. Ал деле отуруп чыксын. Тажрыйба топтоп чыгат” деген билдирүү жазылган сүрөттү бөлүшүп, “Теке келтирет да, Сагызган эми саясатчы болуп чыгат экен” деп жазган. 

“Ал деле отуруп чыксын”. Текебаев Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергенби? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Өмүрбек Текебаев жогорудагы сөздү айтып-айтпаганын текшерип көрдү. 

Адахан Мадумаровдун камакка алынышы тууралуу

Жогорку Кеңештин 31-майда өткөн жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев баш прокурор Курманкул Зулушев Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген. Мындан улам депутаттык комиссия түзүлүп, июнь айында корутунду чыккан. Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан эмес. 

2-сентябрда Бишкек шаарында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баласы менен сейилдеп жүргөн жеринен Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.

Кубат Мырзабек уулу тууралуу 

Бул аккаунттун 345 досу бар жана бир сүрөт коюлган. Башкы сүрөтү 2020-жылы жүктөлгөнүн көрүүгө болот. Кубат Мырзабек уулу деп аталган аккаунт 2020-жылы Фейсбуктагы тайпаларга Koom.press сайтынын жаңылыктарын бөлүшүп келген. 

“Ал деле отуруп чыксын”. Текебаев Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергенби? Текшеребиз

Ал 2022-жылдан тарта УТРКнын Фейсбуктагы материалдарын, президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун билдирүүлөрүн жана көз карандысыз медиаларды каралап жасалган видеолорду бөлүшүп келет. Ошону менен катар эле электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү колдоп, мамлекетте эмгек акылары көтөрүлүп жатышы боюнча постторун жарыялаган.

“Ал деле отуруп чыксын”. Текебаев Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергенби? Текшеребиз

Буларды колдоп бөлүшкөн аккаунт көз карандысыз медиаларды, анда иштеген журналисттерди, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды, бейөкмөт уюмдарын, бийликке сын айткандарды каралаган билдирүүлөрү тайпаларга байма-бай бөлүшүп келет.

“Ал деле отуруп чыксын”. Текебаев Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергенби? Текшеребиз

Текебаев Мадумаров тууралуу айтты делген билдирүү чындыкка дал келбейт

Кубат Мырзабек уулу жогоруда бөлүшкөн билдирүүнү ачык булактардан издеп, таба алган жокпуз. 

“Ал деле отуруп чыксын”. Текебаев Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергенби? Текшеребиз

Ошону менен катар эле Өмүрбек Текебаев маалымат каражаттарына Адахан Мадумаровдун камакка алынышы боюнча комментарий бергени табылган жок.

Текебаевдин өзү менен байланышканыбызда ал мындай пикир билдирбегенин тастыктады. Ал Адахан Мадумаров камалганы тууралуу уга электе эле Фейсбукка “Өмүрбек Текебаев: Мен кыйын деген саясатчылардын баары түрмөгө отуруп чыккан. Түрмөгө түшө элек Адахан Мадумаров эле калган болчу. Ал деле отуруп чыксын. Тажрыйба топтоп чыгат“ деген билдирүү чыкканын айтты. 

Мадумаров кармалды деген күнү эле мындай билдирүү чыкты. Бул алдын ала даярдалгандай сезилип жатат. Мен бул тууралуу маалымат угуп биле электе чыгыптыр. Мындай сөздү эч жерде айткан эмесмин. Буга чейин эле бул иши боюнча Мадумаровго карата кылмыш иши козголбошу керектигин айткам, видео дагы бар. Мөөнөтү өткөн окуяларга кылмыш иши козголбойт”, — деди Текебаев.

Жыйынтык: Жалган. Өмүрбек Текебаев Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча эч кандай комментарий берген эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты