Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону болду

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголияда өтүп грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болду.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалында ирандык Ареф Мозафарды 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Жарым финалда кореялык балбан Ким Хён У менен кармашып, аны 4:1 эсебинде утту. Ал эми финалда казакстандык Максат Ережепов менен күч сынашып, атаандашын 3:1 эсеби менен жеңди.

Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында 19-24-апрель аралыгында өтөт. Ага Кыргызстандан жалпы 21 балбан аттанган.

63 кг салмакта балбан Тынар Шаршенбеков Азия биринчиси болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты