«Акыркы жолу мен өзүм жооп берип коеюн». Президент мамлекеттик ири долбоорлор боюнча иликтөөгө комментарий берди

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген чакан маегинде Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооптун” Кыргызстандагы мамлекеттик ири долбоорлор жөнүндө боюнча иликтөөсүнө комментерий берди.

— Негизи, мен өкмөттүк басылмаларга андай медиаларга жооп берип убактыңарды коротпогула деп буйрук бердим эле. Мындан кийин андай ойдон чыгарылган жалган иликтөөлөргө көңүл буруштун кереги жок. Убактыңарды пайдалуу иштерге жумшагыла деп айтып келем.

Мейли эми, акыркы жолу мен өзүм жооп берип коёюн. Мындан кийин андай оозуна ээ боло албагандарга жооп бериштин да кажети жок, көңүл да бурбаш керек.

Ири курулуш иштерине ким болсо да келип катышсын, эшик ачык. Ошол эле Баткенде курулган үйлөрдү жеке компаниялар ар бирин 5 млн 800 миң сомго курабыз деп келишкенде, бул сумма кымбат деп баш тартканбыз. “Аманат” компаниясы болсо 91 үйдү 3 млн 300 миң сомдон куруп беришти. Башка 33 компания дагы, айлалары кеткенде, ушул эле суммага макул болушту. Ошентип, Баткенге курулган 400дөн ашык үй 3 млн 300 миңден бүтүп калды. Мамлекеттин канча деген акчасын үнөмдөп калдык

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга салынып жаткан үйлөрдү “Кыргызкурулуш сервис” куруп жатат. Бул компания – 100 пайыз мамлекеттик компания. Мындан сырткары, “Аманат строй” компаниясы да куруп жаткан курулуштар бар. Жалал-Абадда «Бест Хаус Гранд» (ЖЧК) компаниясы дагы бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге макул болушуп, куруп жатышат. Жакында Өзгөндө дагы 5 гектар жерге курулуш иштери башталат. Дагы бир курулуш компаниясынын аты эсимде жок, алар да ушундай эле шартта курууга макул болушуп, келишим түзүү алдында турат.

Башка каалоочу компаниялар келсе, МИКтин эшиги ачык. Ошол эле сындап аткан ЖМКлардын өкүлдөрү же жакындары да келсин. Аларга да курулуш ишин аткарууга объект бергенге даярбыз. Баарына шарт бирдей. Бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге даярбыз деген компаниялардын баарына эшик ачык. Бирок бир күрөгү жок компания келсе, албетте, кабыл алынбайт. Мурда курулуш куруп жүргөн, курулуш техникалары бар компаниялар болушу шарт.

Алдыда МИК аркылуу бүткүл өлкө боюнча курулуштарды баштайбыз. Келишсин, баарына иш беребиз. Бирок бул суммага эч ким келбейт.

Мен чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилерин кабыл алгам. “Келгиле, курулушка жардам бергиле” десем, “Биз бул суммага батир салбайбыз, бизге пайда түшпөй калат экен. Андан сырткары, объект бүткөнчө, курулуш материалдары кымбаттап кетсе, тескерисинче, банкрот болуп калат экенбиз” дешип, баш тартышкан.

Ошондуктан жогоруда аталган компанияларды суранып салдырып жатабыз. Дагы бир жолу кайталайм суранып. Алар 650 доллардан «под ключ» салып, МИКке өткөрүп беришет, ал эми МИК үстүнө өзүнүн кошумча наркын кошуп, элге 20-25 жылга ипотекага берет.

Куруучуларга талаптар катуу. Эптеп эле бир нерсе кылып, андан үнөмдөп, мындан үнөмдөп тапшырып кетем деген максаттары болсо, ал ишке ашпайт. Курулуш башталгандан бүткөнгө чейин көзөмөлдө болот. Бүткөндөн кийин дагы комиссия түзүлүп, текшерилип өткөрүлүп алынат. Анан элге берилет. Панелдик үйлөрдү салууга уруксат берилбейт. Темир-бетон каркас болушу кажет. Сейсмикалык туруктуулугу биз үчүн өтө маанилүү.

Курулушка катышам деген каалоочу компаниялар болсо, келе берсин. Айрыкча ушул жалганчы сынчылардын тааныш компанияларын чакырат элем. Келип өздөрүн көрсөтүшсүн. Колдорунан иш келер бекен – көрөлү. Тили сайрагандай болуп, колдорунан бир нерсе келер бекен? Ай ким билет? Колдорунан эч нерсе келбейт. Мындайларды турмушта далай эле көрдүк го»,-деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP), Temirov Live жана “Клооптун” журналисттери наркы 137 млн долларга жакын, өкмөт демилгелеген кеминде 11 ири долбоорду аныкташкан. Алты долбоордун баасы 137 млн АКШ доллар, калган беш долбоорго канча каражат бөлүнгөнү белгисиз.

Журналисттер ушул долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компанияны дагы аныктап чыгышты. Адар өз ара катыштыгы бар, жетекчилиги, же менчик ээси Жапаров, же президенттик иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев менен байланышы бар. Маалымат булактары OCCRP’ге Туманбаев бул компанияларды жашыруун башкарарын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты