Акын Аскат Жетигендин соту октябрга жылдырылды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык сотунда акын Аскат Жетигендин иши боюнча соттук отурум өтүп, бир эксперттин келбегенине байланыштуу 3-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу соттук отурумга катышкан «Политклиниканын» кабарчысы билдирди.

Эксперт Гуля Мураталиева Аскат Жетигендин айткандарында «бийликти басып алуу чакырыгы жок» деген корутундуну окуп берди. Ал эми эксперт Нурлан Сакпаев тескерисинче анын айткандарында «бийликке карата терс маанайдагы сөздөр» бар экенин белгиледи.

Үчүнчү эксперт Нуржан Нарынбаева келбегенине байланыштуу сот жылдырылды.

Буга чеийин Аскат Жетигендин жактоочусу Самат Матцаковдун эксперттерди суроо өтүнүчү сот тарабынан канаттандырылып, процесс 19-сентябрга жылдырылган.

Эске сала кетсек, 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист Аскат Жетигендин массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен эле. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгоп, ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты