Акылбек Жапаров: “Жыл аягына чейин ИДП киши башына 2500 долларды түзөт”
- 2 недели мурун
Жылдын аягына чейин калктын жан башына ички дүң продукция (ИДП) болжол менен 2500 долларды түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” темасына арналган жылына өтүүчү улуттук форумда билдирди.
МинКаб башчысы Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге көтөрө турган бирден-бир байлык, бирден-бир дарамет бул көп улуттуу элибизге мүнөздүү адамдык капитал экенин баса белгиледи.
«Биз билимге, саламаттыкты сактоого, социалдык камсыздоого жумшалган инвестиция эртеңки күчтүү жана гүлдөп өнүккөн мамлекеттин пайдубалын түзгөн эң натыйжалуу инвестиция деп эсептейбиз. Бүгүнкү форум мамлекеттик органдарды, жеке секторду, жарандык коомду жана эл аралык өнөктөштөрдү туруктуулук жана тынчтык шарттарында ар бир адамга барктуу жашоого, окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк бере турган Кыргызстанды кантип кура алаарыбыз тууралуу диалогго чакыруу болуп саналат» деди ал.
Акылбек Жапаров өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсы 1,2 триллион сомдон ашса, быйыл бул көрсөткүч 1,5 триллион сомго жетиши күтүлүүдө.
«Биз жан башына ИДП 2500 доллардын тегерегинде болот деп күтүп жатабыз, ошондуктан ИДП төрт жылда эки эсе өстү деп айта алабыз. Үч жылдын ичинде өлкөнүн бюджети үч эсеге көбөйдү, 2020-жылы 247,7 миллиард сомду түздү, ал эми 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашат” деп айтты Акылбек Жапаров.
Сүрөт: Интернет булактарынан