Акылбек Жапаров тышкы карызды Кумтөрдө өндүрүлгөн алтын менен төлөп койсо болорун билдирди

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын тышкы карызын Улуттук банктагы алтын жана күмүш кору менен төлөп койсо болорун «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

«Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн. Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот. Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду«, — деди Жапаров.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев эгер президент Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын 1 миллиард 800 миллион долларын азыр төлөп кое аларын айткан.

«ПолитКлиника» медиасы депутаттын бул билдирүүсү популизм жана манипуляция экенин аныктап чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты