“Садыр Нургожоевич кааласа Кытайга карыздын 1 млрд 800 млн долларын бүгүн төлөп коет”. Популизм жана манипуляция

23-февралда Super.kg сайтынын журналисттери өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Дубайда мурдагы президенттер менен жолугушуусу тууралуу депутаттардын пикирин сурашкан.  

Бул суроого “Ынтымак” фракциясынын депутаты Балбак Түлөбаев “Садыр Жапаровдун бул демилгеси кыргызды бириктирүүдөгү чоң кадам” деп жооп берген. Ошондой эле ал Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөп коюу үчүн алтын бар экенин баса белгилеген.

“Алтын комиссиясынын мүчөсүмүн, көп нерсени азыр айта албайм. Бирок, эгер Садыр Нургожоевич кааласа, Кытайдын 1 миллиард 800 миллион долларын азыр төлөп коет. Улуттук Банкта ошол акча жатат” — деп айткан. 

“ПолитКлиника” медиасы депутат Балбак Түлөбаевдин айткандарын текшерип көрдү. 

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,2 миллиард долларды түзгөн.

Анын ичинен 4 миллиард 275,77 миллион доллары тышкы карыз, ал эми 1 миллиард 74,04 миллион доллары ички карыз.

“Садыр Нургожоевич кааласа Кытайга карыздын 1 млрд 800  млн долларын бүгүн төлөп коет”. Популизм жана манипуляция

Маалым болгондой, Кытай Кыргызстандын эң ири насыя берүүчүсү бойдон калууда. 2022-жылга карата тышкы карыздын 41,2% же 1 миллиард 760,03 миллион доллары Кытайга туура келет.

Улуттук банктагы алтындын көлөмү 

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы ноябрь айында өткөн Элдик курултайда Кыргызстан бир жылдын ичинде 37,8 тонна алтын өндүргөнүн жана бул алтын Улуттук банктын эсебинде экенин айткан.  

29-ноябрда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Садыр Жапаровдун айткандарын тастыктаган. 

“Учурда Улуттук банктын карамагында 37,8 тонна алтын бар. Анын 13 тоннасы алтын-валюта резервинде, 23,7 тоннасы алтын корунда турат. Улуттук банктын отчетунда көрсөтүлгөндөй, алтын-валюта резервинде 57 миллиард сомдук, Улуттук банктын алтын корунда 108,4 миллиард сомдук алтын бар”, — деп билдирген Карабаева. 

Мамлекеттик активдер – бул мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик органдар тарабынан башкарылуучу мүлктөр.  Ага алтын, материалдык жана материалдык эмес активдер жана башкалар кирет. 

Улуттук банктын отчетуна ылайык, 2023-жылдын башына карата мамлекетте 

87 миллиард 357 миллион сомдук алтын “актив” катары көрсөтүлгөн. 

“Садыр Нургожоевич кааласа Кытайга карыздын 1 млрд 800  млн долларын бүгүн төлөп коет”. Популизм жана манипуляция

Ал эми 138 миллиард 550 миллин сомдук алтын “Монетардык эмес алтын жана алтын түрүндөгү запас” катары көрсөтүлгөн. 

Монетардык эмес алтын — бул коммерциялык банктар товар катары саткан алтын. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул Лондон биржасынын талаптарына жооп бербеген алтын куймалары болуп эсептелет.

Башкача айтканда, Улуттук банктын резервиндеги алтынды жана монетардык эмес алтынды кошкондо 2,6 миллиард долларга чейин (Улуттук Банктын курсу 87,42) баалана турган кору бар. 

Эмне үчүн алтындын кору менен тышкы карызды жабууга болбойт? 

Депутат Балбак Түлөбаев билдиргендей, Кыргызстандагы алтындын резерви Кытайдын карызын толук жабууга жетет. Бирок көпчүлүк мамлекеттер бул кадамга барбайт. 

Себеби, алтын-валюта резервдери ар бир мамлекеттин финансы рыногунда кырдаалды жөнгө салуу үчүн колдонулган “коопсуздук жаздыкчасы” катары каралат.  Алтындын запасы мамлекеттин кредиттик тобокелдиктерге каршылыгынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Мисалы, мамлекет насыя берүүчүлөргө алынган карызын кайтарууга күчү жете турганын көрсөтүү үчүн экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жана алтын кору менен кепилдик бере алат. 

Ошондуктан мамлекет бул каражаттарды өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу үчүн тийиштүү деңгээлде кармоого умтулат.

Мамлекет алтын запастарын төмөнкү максаттар үчүн пайдаланат:

-төлөм теңдеминин тартыштыгын каржылоо;

-валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүү;

-улуттук валютанын курсун кармап туруу;

-социалдык милдеттенмелер боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү;

-экономикадагы ликвиддүү активдердин зарыл деңгээлин кармап туруу

жана керек учурда тышкы мамлекеттик карызды жабуу үчүн колдонулат. 

Башкача айтканда, эгерде мамлекет алтын корунун көпчүлүк бөлүгүн тышкы карызды жабуу үчүн сатса, кийинки кризистик абалдарды жөнгө салуу жана калктын социалдык абалын жакшыртуу абдан кыйындайт.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров белгилегендей, алтын корун тышкы карызды жабуу үчүн пайдалануу кооптуу:

“Кыргызстан тышкы карызды мамлекеттин резервиндеги алтынды сатуу менен төлөп сала турган жолго бара албайт. Анткени мындай учурда  мамлекет өзүнүн социалдык милдеттемелерин толугу менен аткара албай калат. Мисалы, пенсия, айлык-акы сыяктуу төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Ошондой эле, өлкөдө кризистик абал болсо, аны жөнгө салуу үчүн эки, үч эсе көп карызга батып калуу коркунучу бар. Ошондуктан мамлекеттеги стабилдүүлүктүн гаранты катары алтын кору сакталат”, — деп билдирди экономист Төлөнбек Абдыров. 

Ошондой эле, Абдыров тышкы карыздан кутулуунун эң жакшы жолу “өнүккөн экономика” менен боло турганын белгиледи. 

Башкача айтканда, депутат сунуштаган жол дүйнөлүк практикада дээрлик колдонулбайт. Анткени бул мамлекет үчүн кооптуу. 

Популизм жана манипуляция 

Депутат Балбак Түлөбаев өз сөзүндө популизм сөздөрүн жана манипуляциянын элементтерин колдонгон. 

“Синофобия” же Кытайга болгон жек көрүү Кыргызстанда кеңири жайылган көрүнүш. Сabar.asia маалымат сайтынын билдирүүсүнө ылайык, бул “Кытайдын карызын төлөбөсөк стратегиялык объекттер аларга өтүп кетиши мүмкүн” деген бийлик төбөлдөрүнүн сөздөрүнөн да калк арасында негативдүү маанай жаралышы мүмкүн. 

Өз учурунда экономисттер Кыргызстандын Кытай тууралуу чочулоолоруна негиз бар деп эсептешет. Ошол себептүү “Кытайдын карызын төлөө” тууралуу билдирүүлөр популярдуулукка ээ.

Бирок депутат Балбак Түлөбаев өз сөзүндө манипуляциянын төмөнкү элементтерин колдонгон:

-Логикалык ката — айтылган аргумент туура деп эсептелбейт. Бирок кээ бир адамдар үчүн мындай аргументтер ынанымдуу көрүнөт;

Жөнөкөйлөтүү — татаал социалдык, саясий, экономикалык же аскердик маселелерге жөнөкөй жооп берүү үчүн колдонулган ылайыктуу жалпы сөз айкаштары;

Дезинформация – маалыматты бурмалоо;

Лингвистикалык пропаганда – кооз, боектолгон сөздөрдү пайдалануу.

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “Садыр Жапаров кааласа Кытайдын карызын алтын төлөп салат” деген сөзү чындыкка дал келбейт. Ошондой эле сөзүндө манипуляциянын жана популизмдин элементтери камтылган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты