Акылбек Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту

  • 12 часов мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Исламабад шаарын болгон Пакистан жумушчу сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Анда Акылбек Жапаров Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын өзгөчө белгиледи.

«Биз сиздердин өлкө менен соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз» деди.

Акылбек Жапаров 15-16-октябрда жумушчу сапар менен Пакистандын Исламабад шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.

Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөөрү айтылган.

Акылбек Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту
Акылбек Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты