Акылбек Жапаров бүгүн ооруканадан чыгат
- 2 года мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ооруканадан бүгүн, 29-апрелде чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматына таянып жазды.
Айын айтымында, Жапаровдун абалы канааттандырарлык.
“Бүгүн Казакстандан делегация келет экен, Акылбек Жапаров алар менен өзү жолугат”, — деп билдирди министр.
Бейшеналиев Министрлер кабинетинин төрагасы жумуштан чарчаганынан улам ооруканага түшкөнүн кошумчалады.
“Ал мен, президент сыяктуу бир күндө 24 саат иштейт. Бирок азыр анын абалы жакшы”, — деди Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров кечээ, 28-апрелде, эрте менен Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Андан жүрөк кан-тамырларынын спазмасы байкалганы кабарланган.
Муну бөлүшүү