«Акыйкатчы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүүдө

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүүдө.

Коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык эксперттер катышууда.

Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынан депутат Марлен Маматалиев конституциялык мыйзам долбоору эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилип иштелип чыкканын билдирди. “Конституциялык мыйзам долбоору Баш мыйзамга, адам укуктары жана эркиндиктери жаатында эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. Акыйкатчынын орун басарларынын ишин уюштуруу тартибин, компетенциясынын чөйрөсүн, аларды шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, Акыйкатчынын, орун басарлардын жана аппараттын ыйгарым укуктарын жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, укуктук статусун, уюштуруу негиздерин, укуктук коргоо чараларын аныктайт. Мыйзам долбоору бир айлык коомдук талкууга коюлган”, — дейт Марлен Маматалиев.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору адам укугун коргоодо бүгүнкү күнгө колдонуудагы мыйзамдардын  кемчиликтерин жокко чыгара турганын белгиледи. “Бүгүнкү күндө колдонуудагы Жазык-аткаруу кодексинде Акыйкатчынын аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери деп белгиленип, атайын уруксатысыз жазаны аткаруучу мекемелерге кирүүгө тоскоолдуктар жаратылып, фото, видеофиксация жүргүзүүгө тыюу салуу учурлары кездешип келген. Бирок ошол эле кезде, колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, даттанууну текшерүү жана ал боюнча тергөөнүн жүрүшүндө же ээлеген кызматына жараша Акыйкатчы жасаган иш-аракеттерде анын орун басарлары болбосо ал иш сапарына жөнөткөн адам ар кандай мамлекеттик органга, мекемеге же мекемелерге жеке өзү келе алат жана керек болгон бардык маалыматтар менен таанышып, тиешелүү адамдар менен аңгемелеше алат. Ошондой эле зарыл болгон бардык документтерди изилдеп-иликтей алары каралган. Ошого карабастан, ченемдик укуктук актылардын иерархиясы боюнча кодекстин ченемдери мыйзамдын ченемдеринен жогору тургандыгын эске алып – жазаны аткаруучу мекемелер көп учурда Акыйкатчынынаппаратынын кызматкерлеринин атайын уруксатынын жоктугуна таянып, алардын аймагына кирүү укугунан баш тартуу учурлары кездешет.

Ал эми конституциялык мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу Баш мыйзамда Улуттук укук коргоо органы катары – Акыйкатчы парламенттик контролдук ыйгарым укуктарга ээ болуп, эмнегедир тескерисинче контролдоо объектисинин уруксат берүүсүнө көз каранды коюлгандыгы көрүнүш жокко чыгарылып, адам укугун коргоодо ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө ушуга окшогон тоскоолдуктар алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип жаткан Акыйкатчынын «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысыжөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорунун кабыл алуусу, Улуттук укук коргоо органы катары Акыйкатчы институтун олуттуу өркүндөтүүсүнө салым кошуп,  аны менен бирге, эл аралык аренада өлкөбүздүн аброюн жогорулатуусуна алып келерин белгилеп кетүүсү зарыл», — деди Акыйкатчы.

Видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты